www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин тез арада жандантуу маселесин эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери таркуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы саясат ведомствосунун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, министр Чыңгыз Айдарбеков кытайлык кесиптеши Ван И менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек ара пунктунун ишин жаңылоодон тышкары кыргыз-кытай биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кытай адистеринин келишин дагы талкуулашты.

Ошондой эле коронавирустук инфекциянын макроэкономикага тийгизген терс таасиринен улам Айдарбеков Ван Иге тышкы карыздын оор жүгүн жеңилдетүү маселесинде көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдиргени айтылат маалыматта.

Сөзүнүн аягында Айдарбеков коронавирус менен күрөшүүдө Кыргызстанда олуттуу гуманитардык жардам көрсөтүп жаткандыгы үчүн кытай тарапка ыраазычылык айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости