www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень Кытайдан келген гуманитардык жардамды өткөрүп берүү иш-чарасына катышышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр өз кезегинде ыраазычылык билдирүү менен төмөнкүлөргө токтолду:

"Достук мамиледеги Кытай Эл Республикасынан Кыргыз элине кезектеги гуманитардык жардам келди. Бир аз убакыт мурда пандемия учурунда республикага Кытайдан медициналык кызматкерлердин тобу келип, кыргыз кесиптештерине чоң консультациялык көмөк көрсөтүп кетишкен.  Атай  кетсем, Кыргызстандын президентинин демилгеси боюнча республиканын бардык региондорунда ооруканалар курулуп, имараттар оңдолууда, анда медициналык мекемелер жайгаштырылат. Алынгын жардамдар аталган жаңы ооруканаларды жабдууга багытталат".

Гуманитардык жүк дары-дармектерден, медициналык жабдуулардан, жеке коргонуу каражаттарынан турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости