www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь өлкө эл аралык медициналык-санитардык талаптардын бардыгын аткаргандыгын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Макалада ылайык, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай пандемиянын кулачын жайылтты деп сындаган. Америка бул өлкө менен болгон мурдагы соода келишимдеринен баш тарта элек, ошол эле учурда Пекин менен жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландаган да жок.
“Биз эпидемияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана анын жыйынтыктары тууралуу өз убагында, байма-бай маалымат берип келебиз. Фактылар көрсөтүп тургандай, COVID-19 катталары менен Кытай эл аралык медициналык-санитардык талаптардын бардыгына жоопкерчиликтүү мамиле жасап, так аткарды”, — деген Чжао Лижиан.
ТИМ өкүлү Кытай оорунун жайылышын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча эң катаал чараларды азыркыга чейин көрөрүн белгилеген. Анын айтымында, эпидемия менен күрөшүүдө Кытайдын кошкон салымы бардыгына белгилүү.
Кытай бийлиги былтыр 31-декабрда ДССУга өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Ухань шаарында (Хубэй провинциясы) белгисиз пневмониянын келип чыгышы жөнүндө маалымдашкан. Адистер ооруну жаңы коронавирус козгогонун аныктап, кийинчерээк инфекция расмий түрдө COVID-19 деп аталган. 11-мартта коронавирус пандемиясы жарыяланган. Учурда ооруну 20 миллиондон ашык адам жуктурду.
Булак: NazarNews.kg