www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-августта, Нарын облусуна болгон иш сапары менен барды. Иш сапардын жүрүшүндө Кочкор районундагы ирригация долбоорунун ишке ашыруу аракеттери менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев 2019-жылы Дүйнөлүк банк менен биргеликте Кош-Дөбө айылындагы ирригациялык системаны реабилитациялоо боюнча келишимге келишкенин айтты.
Бул долбоорду ишке ашырууда жакын арадагы үч айыл өкмөтүндө 2,5 гектардай жаңы сугат жерин өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.
«Элинин көпчүлүгү айыл чарбасы менен алектенген өлкөдө ирригация тутумдарын кеңейтүү — бул социалдык-экономикалык өнүгүүнүн маанилүү маселеси»,— деди өлкө башчы.
Айыл тургундары менен баарлашууда мамлекет башчы улутук ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу анын өзгөчө көзөмөлүндө тургандыгын, бул аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында бүтүндөй бир комплекстүү маселелердин чечилишине өбөлгө болорун дагы бир жолу белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча саясаттын негизги багыттарына кеңири токтолуп, анын президенттик ишмердүүлүгү мезгилинде ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруларын айтып өттү.
2026-жылга чейин Кыргызстандын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы 3 этаптан туруп, алардын экөө 2024-жылдын аягына чейин ишке кирет.
Булак: NazarNews.kg