www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оор абалда өзүңүздү колго алуу үчүн NazarNews маалымат агенттиги психология илиминин кызыктуу табылгаларын даярдады.

1.    Топ кишинин арасында күлүп жаткан адам, инстикттин негизинде ал топтогу эң жакын (же болбосо жакын көргүсү келген) адамга карап күлөт. Эгер сиз жактырган адам сизди карап күлүп жатса, сүйүнө бериңиз.

2.    Капалантып, стресс кылуучу иш жасап жатканда сагыз чайнап же тамак жеңиз. Тамактануу айрым тынчсыздануулардын алдын алып, кайгыны автоматтык түрдө азайтат.

3.    Бирөө сизге ачууланса, өзүңүздү кармап, сабырдуу болуп коюңуз. Каршыңыздагы адам буга аябай жиндениши мүмкүн, бирок аз убакыт өткөн соң сөзсүз өзүн күнөөлүү сезет.

4.    Эмоционалдуу реакциялар эмоцияларды чакырат. Мисалы, бактылуу болууну кааласаңыз, күлкүңүз келбей турса да күлгөнгө аракет кыла бериңиз. Бир аз убакыт күлүмсүрөгөн соң, күлгөнгө себеп болчу бир нерсе табышыңыз толук мүмкүн.

5.    Сүйлөп баштаарда “менимче” же болбосо “мен ишенем” деген сөздөрдү колдонбой эле коюңуз. Сөз болуп жаткан пикирлердин сизге таандык экендиги айтпаса деле белгилүү. Эгер “менимчени” колдонсоңуз, өзүңүзгө болгон ишенимдин жетишсиз экендигин көрсөткөн болосуз.

6.    Жолугушууга баруудан мурда, жолуга турган адамдарды эски досторуңуз менен чогуу элестетип көрүңүз. Болуп жаткан абалды кандай кабыл алуу сиздин гана колуңузда.

7.    Эгер бирөөнү көргөндө чын дилден бактылуу сезип, толкундансаңыз, алар дагы сизди көргөндө ушундай абалда болот. Адатта, иттерден кезиктирүүгө болот, мындай ыкманы.

8.    Абдан жакшы сунуштан баш тарткан адамдар кийинчерээк анчалык чоң эмес сунушка макул болууга аргасыз болушат. 50% арзандатууга жок деген бирөөнү кийинчерээк 30%га макулдатышыңыз мүмкүн.

9.    Бирөөгө суроо берип, бирок кыска, жетерсиз жооп алдыңыз дейли. Дароо көзүн карап, тынч гана тиктеңиз. Каршыңыздагы адам жоопту толук бербегенин сезип, сөзүн уланта баштайт.

10.  Көптөгөн адамдар акыл менен өзүнө болгон ишенимдин ортосундагы айырманы биле беришпейт. Эгер кылып жаткан ишиңизди ишенимдүү аткарсаңыз, башкалар сизди акылдуу деп ойлоп, жакындай башташат.

11.  Тейлөө тармагында иштесеңиз, отурган жердин артына күзгү илип коюңуз. Сиз менен сүйлөшүүгө келген адамдар күзгүдөн өзүн көрүп, болушунча назик болгонго аракет кылышат. Эч ким өзүнүн жаман көрүнүшүн каалабайт эмеспи.

12.  Жыйынга барганда, катышуучулардын ичинен сизди капаланта турган бири бар болсо, анын жанына отуруп алыңыз. Инстиктке байланыштуу жакын турганда, сизге болгон жек көрүүсү бираз азаят.

13.  Бирөө менен алгачкы жолу жолугуп жатсаңыз, аны толкундата турган жерге алып барыңыз. Ал жердин кооздугу менен сизди бирдей көрүп, алгачкы таасир үчүн абдан пайдалуу жана эсте калаарлык болот.

14.  Бирөө менен сүйлөшүп жатканда, анын көзүнүн түсүн айырмалаганга аракет кылып көрүңүз. Көз контактты түзүлгөндө адамдар сизди көбүрөөк жакшы көрө башташат.

Айчүрөк Нурлан кызы, Булак: NazarNews.kg

Последние новости