www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик кызматтын I класстагы кеңешчиси, техника илимдеринин кандидаты, КРнын ИИМнин отставкадагы полковниги, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, жазуучу, коомдук ишмер Самиев Маматибраим Самиевич капилет келген оорудан улам каза тапты.
Маматибраим Самиев алгачкы эмгак жолун Өзгөн районунун «Алга» совхозунда ат багуучулуктан баштаган. 1970-жылы Ош курулуш техникумунда окуу менен бирге Оштогy эмерек фабрикасында эмгектенген. Комсомолдук бригадаларды жетектеп, Ош шаарынын Кыргызстан кең көчөсүн курууга, эски үйлөрдү тазалоого алдыңкы сапта катышкан. Ошондой эле Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү курууга, шаардын инфраструктурасын түптөөгө бараандуу салым кошкон.
М.Самиев 1983-жылдан тартып ИИМ тармагында эмгектенди. Ак эмгеги менен милициянын катардагы кызматкеринен тартып Ош облустук ички иштер башкармасында Өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага кызматкер, Экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы күрөшүү тармагында бөлүм башчы кызматына чейин көтөрүлгөн. Күжүрмөн эмгеги үчүн милициянын подполковниги чинине ээ болгон.
2006-жылдан Акыйкатчынын Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип, жергиликтүү элдин укуктук маселелерин чечүүгө жакындан жардам берген. Маматибраим Самиев курулуш, илим жана укук коргоо тармагында иштесе да чыгармачылыктан эч качан кол үзгөн эмес. Анын калеминен ондогон китептер жарык көрүп, үч чыгармасынын негизинде көркөм фильм (“Мугалим”, ”Агентурист”, “Меккеде болгон окуя”) тартылып, бир драмасы (“Имамдардын күнү - Сарахси”) театр сахналарында коюлууда.
Жарык көргөн китептери: “Аалы акеден тарагандардын ата теги”, “Эр жигиттин калыптанышына “Манастын” таасири”, “Манас” эпосунда ислам дининин орду” (кыргыз, өзбек, түрк, араб тилдеринде), “Кыргыз байыркы түптүү, улуу эл”, “Ислам дининдеги мазхабтар, агымдар жана Кыргызстанда тыюу салынган уюмдар” (кыргыз, орус тилдеринде), “Элим менин саяпкерим”, “Манас” эпосунда аялзатынын үй-бүлөгө жана коомго болгон таасири”, “Байсалдуу сапарлар”, “Биздин мектеп”, “Агентурист”, “Меккеде болгон окуя”, “Мугалим”, “Теледе жарык көргөн интервьюлар”, “Имамдардын күнү - Сарахси”, “Ыйман ырын ырдайлы”, “Борбордук Азия коркунучта”.
М.Самиев үзүрлүү эмгегинин натыйжасында КРнын ИИМнин, СССР ИИМнин ведомстволук медалдары, КРнын Омбудсменинин, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун, КРнын Улуттук илимдер академиясынын, КРнын Журналисттер союзунун, Ош шаарынын мэриясынын, Өзгөн, Лейлек райондорунун жана Ош облустук мамлекеттик адмнистрацияларынын Ардак грамоталары менен сыйланган.
М.Самиевдин эл-жер үчүн жасаган эмгеги коомдук уюмдар тарабынан да жогору бааланып, КРнын Ардактуу инсандар коому “Эл сүйгөн жетекчи” ордени жана “Кылым Залкары” наамы - Алтын төш белгиси менен сыйласа, “Алтай-Манас-Талас” коому Ардак грамотасын ыйгарган.
Кыргыз маданиятын жана мамлкеттик тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КРнын Маданиятынын мыктысы төш белгиси, КРнын президентине караштуу мамлекеттил тил боюнча Улуттук комияссиясынын Кыргыз тили төш белгилери менен сыйланган.
Түрк тилдүү өлкөлөрдө илим жана маданият жаатына кошкон өзгөчө салымы үчүн Эл аралык Мустафа Кемал Ата Түрк коомдук фонду “XXI кылымдын мыкты коомдук жана саясий ишмери” ардактуу наамын - Алтын медалын ыйгарган. Өзгөн районунун Мырзаке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңеши элет жергесин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Ардактуу атуул”наамы менен сыйлаган. Чыгаан коомдук ишмер, көп кырдуу талант ээси Маматибраим Самиевдин жаркын элеси кыргыз элинин тарыхында кылымдарга сакталат. Маркумдун жакын туугандарына жана чогуу иштеген жамааттарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
С.Момуналиев, Т.Жороев, Т.Досбаев, С.Шарипова, Т.Бакир уулу, Т.Алдакулов, Т.Исраилов, С.Шакирова, С.Маматисаев, М.Турсунбекова, жана башка калемдештери, кесиптештери жана замандаштары