www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда акыркы учурларда 10% билимдүү жаштар өсүп келе жатса, анын 90% “билимсиз” деп толук айтуу кыйын, үстүртөн билим алгандар.  Ага күнөөлүү акыркы 10 жылдагы өзүм билемдик саясат болсо, мектептин кадыр-баркы кетип, окуу китептеринин тартыштыгы ушул көрүнүшкө алып келди.

Бул тууралуу социалдык тармакка өзүнүн пикирин Медербек Ысманалиев төмөнкүчө билдирди.

Тетири заман...

Шаардын коомдук унаасындагы "Баканбайвада токтотуп коюңузчу...", "Тактагулада..." жана башка ушундай кулакка аябай жагымсыз сөздөрдү укканда, "бул инсан эркек адам болгон" деп тамаша ирээтинде жеткиргенге аракет кылам.

Төрайымдарыбыз төрага болуп алган заманда карапайым элге тийишпей эле коюш керек окшойт... Ошон үчүн саясатты саясатчыларга коюп, көпчүлүктүн көңүлүн маданиятка, илим-билимге, эне тилге, тарыхка, коомдук өнүгүүгө буруу зарыл.

Болбосо, Ак үйдү Алтын үйгө айландырсаң да, маал-маалы менен талкалап кете беришет”, - дейт Медербек Исманалиев.

Ошондуктан окурман, кыргыздын келечегин бирге түзөлү десек, илим менен билимге суугарылып ынтымакка келбесек, мамлекеттин келечеги туңгуюкта турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости