www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-июнга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 7 миллион 632 миң 377ге жетти. Алардын арасынан 3 миллион 613 миң 270 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 425 миң 385 адам көз жумду. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.

Коронавирус эң көп жайылган АКШда 2 миллион 49 миң 24 адам аталган илдет менен катталды. Арасынан 547 миң 386 сакайып, 114 миң 672 бейтап каза болду.

Экинчи орунду ээлеген Бразилияда вирус менен ооругандардын жалпы саны 828 миң 810го өстү. Андан 445 миң 123 адам ооруканадан айыгып чыкса, тилекке каршы 41 миң 828 адам каза болду.

Орусияда 510 миң 761 адам коронавирус илдетин жуктуруп алды. Арасынан айыгып чыккандар - 268 миң 862, көз жумгандар - 6 миң 705.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости