www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту жолдошуна бычак сайып, анын натыйжасында каза болуп калган айыпталуучу аялга 2020-жылдын 26-майында өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттон кабарлашты.

Каргашалуу күн

Айыпталуучу Тынара 2 баланын энеси, эч жерде иштебейт, билими орто.

Эки баланын энеси болгон Тынара 2019-жылдын 9-декабрь күнү кечки саат 18:00 чамасында тамак жасап жатканда жолдошу Мирбек (аты өзгөртүлдү, Б.М.Д.) менен пикир келишпестиктин айынан уруша кетишкен. Натыйжада колундагы тамак жасап жаткан бычагы менен жолдошунун сол балтырына бир жолу сайып жиберген.

Мирбек Жалал-Абад облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жараатынан улам өзүнө келбей каза болгон.

Соттук отурумда айыпталуучу Тынара күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тергөөдө берген көрсөтмөлөрүн өзгөртпөй турганын билдирген. Анын айтымында, 2019-жылдын 9-декабрь күнү саат 19:20 чамасында кечкиге тамак даярдоо максатында ашкабак туурап жаткан. Жолдошу ошол күнү мас абалда үйүнө келип, «сен бирөө менен жүрүп кеткенсиң, аны бетиңе коюп берем» деп, Тынараны ур-токмокко алган. Жолдошу «сен бекеринен базарга барган жоксуң» деп (айыпталуучу ага чейин базарга барып, азык-түлүк алып келген),  урушуп, уят сөздөр менен сөгүп, буту менен Тынаранын аркасына тепкен.

Айыпталуучу мас адамга теңелбейин деп, качканына карабай, жолдошу артынан жетип,  белине экинчи ирет тепкен. Тынара аны «ары жылчы» деп колу менен түртүп, кыздарынын жанына барып отуруп алган.

Ошондо да жолдошу жанына кайра келип, «сен мени укпай көөп калдыңбы?» деп, колу менен айыпталуучуну ур-токмокко алган. Ошондо Тынара колундагы ашкана бычагын жолдошуна шилтеп жибергенде бычак маркумдун сол бутуна сайылып калган. Айыпталуучу күйөөсүнүн бутун ошол замат чүпүрөк менен таңып, «мени кечирип койчу» деп кечирим сураган. Андан кийин жолдошунун бутунан кан токтобогондуктан Тынара Тез жардамга телефон чалууга аракет жасаганда, Мирбек чалдырбай, «баары жакшы, ооруканага барбайм» деп жатып алган.

Тынара Тез жардам кызматы кеч келип, медкызматкерлер жолдошун ооруканага алып кетишкендигин, жасаган кылмышы үчүн өкүнүп жаткандыгын, бул ишти атайын кылбагандыгын айтып, соттон кечирим сурады. Ошондой эле, соттон жеңил жаза берүүнү өтүндү.

Соттук отурумда жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү-бир тууганы Б.К. тергөөдө берген көрсөтмөсүн толугу менен колдоорун билдирди.

Келиндин кайнагасы: "2019-жылдын 9-декабрында түнкү саат 23:30 чамасында үйүмө милиция кызматкерлери келип, «сиз Нурбектин бир тууганы болосузбу? Иниңиз ооруканага түшүп калды. Тезинен барыңыз» деп айтышты. Аялымды ээрчитип алып, ооруканага барганда дарыгерлер иним Мирбек жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей каза болгонун угузушту.

Окуяны дагы деле түшүнбөй жатам, бирок келиним жакшы келин. Ошону менен бирге анын жашы жете элек кыздары да бар, мен келинимди  кечирдим. Соттон ага карата жеңил жаза берүүнү сурайм", - деп айткан маркумдун агасы Б.К.

Жыйынтыгында Тынара Жазык кодексинин 138-беренесинин (Ден соолукка оор зыян келтирүү) 3-бөлүмүнүн 1-пункту менен (Этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө, анын натыйжасында өзүн-өзү өлтүрүүгө, же болбосо эки же андан көп адамдын өлүмүнө (өзгөчө оор зыян) алып келген жоосун) күнөөлүү деп табылып, 7 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды. Ошондой эле, 900 (90 000 сом) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салынды.

КРдин «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү» 2020-жылдын 8-майындагы мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, эркиндигинен ажыратуу жазасынын өтөлбөгөн мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн кыскартылды.

Жаза өтөө мөөнөтү 2019-жылдын 11-декабрынан баштап эсептелди. Ошондой эле, Жазык кодексинин 81-беренесинин (Камакта кармоо убактысын жана жазаларды бириктирүү эрежелери) негизинде Талайкүлдүн үй камакта болгон ар бир күнү жаза өтөө мөөнөтүнүн 1 күнүнө кошулуп эсептелди.

Талайкүлдүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынды. Ал эми жашы жете элек балдары жакындарынын карамагына өткөрүлүп, көзөмөлгө алуу жагы Сузак райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын алдындагы үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнө милдеттендирилди.

Өкүмгө нааразы тарап 30 күндүк мөөнөт ичинде Сузак райондук соту аркылуу Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык тартипте сунуш келтирүүгө укуктуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости