www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Трамп АКШдагы бардык полициячылар шектүүнү колго түшүрүү үчурунда кандай кесиптик стандарттарга ылайык иш алып барышы керектигин көрсөткөн атайын буйрук чыгарганы жатат. Бул тууралуу Трамп 11-июнда Далластагы тегерек үстөлдө билдирди.

Анын айтымында, бул буйрукта полициячылар колдоно турган тактикалар да камтылат. Ошондой эле социалдык кызматкерлерди тартип коргоо органдарынын катарына кошуу тууралуу да сөз болот.

АКШ президенти полициянын зомбулугуна жана расалык теңсиздикке каршы ири акциялардан кийин биринчи жолу тартип коргоо тармагын реформалоону көздөгөн сунушун жарыялап жатат. Ал демонстранттардын полициячылар арасындагы расизм тууралуу билдирүүлөрүн четке кагып, "бирин-серин жаман адамдар" үчүн бүтүндөй полицияны айыптоо туура эмес экенин белгиледи.

"Биз миллиондогон чынчыл америкалыктарды жөн жерден айыптай берүү менен алдыга жыла албайбыз, жараны айыктыра албайбыз", - деди Трамп.

Кошмо Штаттарда эки жумадан ашуун убакытка созулган ири демонстрацияларга 25-майда Миннеаполис шаарында афроамерикалык Жорж Флойддун полицияга колго түшкөндөн көп өтпөй каза тапканы себеп болду. АКШнын көпчүлүк ири шаарларындагы мындай акциялар башаламандык менен коштолду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости