www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан дүйнөдө аянты боюнча тогузунчу турган зор мамлекет, анын үстүнө өнүккөн отуз мамлекеттин катарына турабыз деп алдына максат коюп алышкан. Казакстанда Филипп Голощекинге, Леонид Брежневге, Динмухаммед Кунаевге, Нурсултан Назарбаевге эстеликтер тургузулган. Мунун барын бир нерсе бириктирип турат.
Алсак, Леонид Брежнев совет мамлекетин он сегиз жыл башкарган, бирок андан мурун Казакстан компартиясын жетектеп дың жерлерди өздөштүрүүдө чоң эмгек сиңирген. Ал совет мамлекетин жетектеп турганда «Нан болсо ыр да болот» деген эң популярдуу фразасы «Дың жер» чыгармасынан алынган. Учурунда «Дың жер», «Кичи жер» деген чыгармалары СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Леонид Брежнев Улуу Ата-Мекендик согуштун легендарлуу кол башчыларынын бири Константин Жуков эскерүүлөрүн жазып жатканда, ушул китепке кошулуп калышын каалаган экен. Бирок Жуков: «Азыркы совет мамлекетинин башчысы, КПСС БКнын Генеральный секретары Леонид Брежнев согуш убагында бир дивизиянын саясий бөлүмүн жетектеген экен, мен аны кайдан билет элем» -деп кошпой коюп, Брежневдин каарына калыптыр.
Динмухаммед Кунаев да Казакстан компартиясын Хрущевдун заманынан Горбачевдун заманына чейин отуз жылдай жетектеген. Никита Хрущев аны кызматынан бошоткону менен Брежнев бийликке келгени аны кайра кызматына койгон. Нурсултан Назарбаевдин Казакстан мамлекетинин жетекчиси болушуна Кунаевдин таасири чоң. Динмухаммед Кунаев учурунда мамлекетти жетектеп турган Саясий Бюронун мүчөсү болгон. Ал менен катар Кыргызстан компартиясын жетектеп турганда Турдакун Усубалиев көп маселелерди чечүүдө Кунаевге таянганы тарыхта калган. Өзбекстандын компартиясын жетектеген, Саясий Бюронун мүчөлүгүнө кандидат Рашидов СССРди пахта менен камсыз кылып жаткан Өзбекстандын пахталарын сугаруу үчүн Соң-Көл көлүн пайдаланыш керек деп Саясий Бюронун чечүүчү адамдарын көндүрөт. Соң-Көлдү жок кыларда Усубалиев ортого Кунаевди салып жатып, сактап калган.
Филипп Голощекин Казакстанга жыйырманчы жылдардын аягында, отузунчу жылдардын башында жетекчилик кылган. Иосиф Сталин тарабынан киргизилген коллективдештирүүдөн улам Советтер Союзу катуу запкы жеген. Казакстандагы ачарчылык Кубанда, Дондо, Волга боюнда, Украинада болгон ачарчылыктын бир бөлүгү болгон. Ачарчылык негизинен дан түшүмүн берип турган аймактарда башталган, 1929–жылы Сталиндин жетекчилиги менен биринчи беш жылдык план түзүлүп–жаңы орноп жаткан мамлекеттин өнөр жайын, айыл чарбасын кайра жаңыртуу максаты коюлган. Активисттер айыл тургундарын коллективдештирүү үчүн жанын үрөшүп, дыйкандар өндүргөн азык–түлүктөрдү, айрыкча данды тартып алышып мамлекетке төгүшкөн. Мындай саясат оор кырдаалдарда өтүп, айрыкча азык –түлүк менен камсыз кылып турган аймактар зор запкы жешкен.
Ачарчылык болор алдында Кыргыз автономиялуу республикасынан Казак автономиялуу республикасына айланган Казакстан көп улуттуу республика болгон. Бул жердин жергиликтүү калкы теңме–теңин түзгөн. Казактар түрк тилдүү көчмөн калк болгон, алар айыл–айылга бөлүнүп, суусу бар жерлерге чоң аймакта көчүп, конуп жүргөн. Мындай кырдаалдар советтик бийлик үчүн Борбор Азияда улуттук көз карашы боюнча республикаларга бөлүүдө 1924-жылы оор кырдаалдарды түзгөн. Казакстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасын түзүүдө чоң кыйынчылыктар болуп, Казакстан Россия Советтик Социалисттик Республикалар Федерациясынан (РСФСР) кийинки аймагы эң зор республикага айланган.
1930-33-жылдары жаңы түзүлгөн Казакстан автономиялуу республикасын ачарчылык каптайт. Ушул ачарчылыкты республиканы түзгөн калктын төрттөн бири же бир жарым миллион адам жок болот. Бир жарым миллиондун 1,3 миллиону жергиликтүү калктын өкүлү казактар болгон. Европа материги менен аянты теңме–тең келген советтик Казакстанда Иосиф Сталиндин мамлекеттик кайра түзүү саясатынын негизинде түзүлгөн радикалдуу өзгөрүүлөр бир ууч калктын жок болуп кетүү коркунучун түзүп, оор катастрофага алып келген. Ушул 1930-33-жылдардагы катастрофа тууралуу советтик мезгилдүү маалымат каражаттары ооз ачып унчуккан да эмес, ошондуктан бул тууралуу дүйнөлүк маалыматтарда массалык жок болуулар жана ачарчылык тууралуу салыштырмалуу анализдер жокко эсе. Совет мезгилинде казак ачарчылыгы тууралуу үстүртөн мамиле кылынгандыктан жыйырманчы кылымдын мындай трагедиясы тууралуу аз гана сөз болуп келатат.
Столыпиндин агрардык реформасынан соң Казакстандын аймагын ээлеп турган орус тилдүү дыйкан чарбалары ал аймактын түшүмдүү түндүк жана түштүк-чыгыш аймактарын ээлеп турган. Бул ээн жаткан талааларды Орусия империясынын ар тарабынан көчүп келишкен дыйкандар дан эгиндерин ала турган айдоо аянттарына айлантышкан. Алар менен бирге көчүп конуп жүрүшкөн казак элинин бир бөлүгү соода-сатык иштерин жөндөшүп, бул жерлер казак улутунун азчылыгын түзсө да кийин келген советтик режим үчүн дан азыктарын бере турган башкы аймактардын бирине айланган. Советтик мезгилде түндүк Казакстан дан өндүрүү боюнча Советтер Союзунун алдыңкы аймактарынын бири болгон.
1929-30–жылдары Москва тараптан коллективдештирүү боюнча чоң кыймылдар башталат. Казакстандын көпчүлүк аймактарында муну колдогон активисттер тарабынан калкты коллективдештирүү максатында жергиликтүү казак элин зордой баштайт. Советтер Союзунун башка аймактарына салыштырмалуу ачарчылык Казакстанда 1930-жылдын кышында башталат. Ачарчылык орус жана украиналык дыйкандар ээлик кылган республиканын түндүгү менен түштүк-чыгышта башталганы менен көчмөн казактар абдан оор запкыны көрүшкөн. Эптеп ачарчылыктан чыгыш үчүн казактар өздөрүнө тиешелүү малдарын союшуп, алар түгөнгөн соң, чет мамлекеттерге жана коңшулаш республикаларга кача баштаган. 1931 жана 1933-жылдары казак ачарчылыгы чегине жетип турганда, бул республиканы бир миллион бир жүз миңге чейин көпчүлүгү казактардан түзүлгөн эл таштап кетишкен. Алар коңшулаш Кыргыз Республикасы сыяктуу аймактарга, ал эмес Кытайдын Синьцзян деген аймактарына чейин кире качышкан. Ошол ачарчылыктан улам жер ооп кетишкен көпчүлүк качкындар Казакстанга кайрадан кайрылып келишкен жок, учурда бир азы «жоламан» деген статус менен Казакстанга кайрылып жатса да, көпчүлүгү ошол жерлерде кала берди. 1929 –жылдын күзүндө жана 1930 жана 1933-жылдары Казакстанда мезгил –мезгили менен кишилердин саны миңге жеткен массалык көтөрүлүштөр болгон экен. Бирок, көтөрүлүштөр Кызыл Армиянын аскерлери тарабынан өтө зомбулук менен басылып турган.
Казакстандын компартиясынын биринчи секретары Филипп Голощекин ар бир болуп турган окуя боюнча Москвага жолдош Сталинге ачарчылык болуп жатканы тууралуу, ошол кезде болгон окуяны кабар кылып турган. Ооба, жолдош Сталин казак элине жасап жаткан зыянкечтик тууралуу билбей калды деп айтууга болбойт, жакшы кабардар болуп турган. 1932–жылдын 17 –сентябрында Казакстан үч жылдык ачарчылыктын сазына батып турганда, Борбордук Комитет ошол кырдааларга жараша бир аз чегинүүлөрдү жасайт. Көчмөн калктарга анча-мынча малга ээлик кылууга уруксат берилет да, азык–түлүк жактан жардамдар бериле баштайт. Бир аз убакыт өтүп Филипп Голощекин Казакстан компартиясынын биринчи секретарлык кызматынан бошотулуп, анын ордуна түбү армян Левон Мирзоян келет. Ачарчылык болсо 1934–жылга чейин улантылып, акырындык менен өз калыбына түшөт.
Казакстандагы 1930-1933-жылдардагы ачарчылыктын советтик коллективдештирүү заманына салыштырмалуу өзүнүн айрыкча айырмачылыктары болгон. Казакстандагы ачарчылык убагында дыйкандар көп запкы жеген эмес, көбүнчө көчмөн казак эли запкы жеген. Советтер Союзунун батыш аймактарынан айырмаланып казактын ачарчылыктан качкан качкындары өздөрүнүн көчмөн турмушундагы көчүп жүргөндөрдү пайдаланышып, чет жактарга жер ооп кетишкен. Ошондуктан, алар кулакташтыруу боюнча репрессиядан кутулушканы менен ачарчылыктын залы көпчүлүккө тийгени маалим. Казак ачарчылыгын убагында республикага тиешелүү малдын токсон пайызы жок болуп, көчмөн коомчулук үчүн болуп көрбөгөндөй катуу сокку урулган. Өздөрүнүн малы болбосо, казактар каякка көчүп-конуп жүрүшмөк. Малдан башка алардын жашоо үчүн азык–түлүктөрү жок эле. Ачарчылыктын алдында казак болуу жана көчмөн болуу бири–бири менен бекем байланышкан. Бирок малдын бары жок болуп калгандыктан, кээ бир казак эли отурукташкан турмуш образына өтүүгө туура келген.
Акыр аягында ар кандай оор зомбулуктар менен бирге, казак ачарчылыгы белгиленген чеги менен, советтик экономиканын бир бөлүгүнө айланган советтик Казакстан республикасын түзүү үчүн ыңгай түзүп берген. Ачарчылык тууганчылык байланыштар менен бекем чырмалышып, мурас катары укумдан–тукумга калган мүлктөрдү унуттуруп, көчмөн жашоону туу тутуп келген казактын өзгөчө менталитетин жокко чыгарып, ошол мезгилде түзүлүп турган шартка ылайык жаңы республиканы түзүүгө мажбур кылган. Казак элинин көбү ачарчылык убагында жок болуп калгандыктан, бул республиканын көпчүлүк бөлүгүн орус тилдүү калк түзүп калган. Казак Советтик Социалисттик Республикасы СССРдин курамындагы башка улуттарга салыштырмалуу өз улутунун саны аз республика болгон. Казакстан эгемендүүлүккө жетишкен соң түштүк-чыгышындагы борбору Алматы шаарынан азыркы Нур-Султан шаарына борборун жылдырып бул көйгөйдү чече алды. Орус тилдүү калктар көбүрөк жайгашып, казак эли да өз эне тилин унутуп бараткан Түндүк аймактарда казак тилин жандандыруу жана сырттагы казак улутундагы элди Казакстанга тартуу менен Казакстан көп көйгөйлөрдү чечип келатат. Мамлекеттүүлүктү калыбына келтирүү үчүн Казакстан мамлекети үчүн оор кырдаалдар түзүлгөн. Анткени, Казакстанда болгон ачарчылык 1,5 миллион кишини алып кетип, алардын ичинде казактар 1,3 миллион адам болгон. Ушул ачарчылык, казак элинин үчтөн бирин алып кетип, өзүнүн республикасында азчылыкты түзгөн бирден-бир республикага айланган.
Ошол мезгилде Кыргыз Автономиялуу Республикасынын өкмөт башында Жусуп Абдырахманов турган. Коллективдештирүү мыйзамы канчалык оор жагдайга алып келбесин, Жусуп Абдырахманов кыргыз элин ачарчылыкка алып барган эмес. Ал тургай Казакстандын түштүк-чыгыш аймагында жашап, ачарчылыктан жер ооп келишкен казак боордошторго кам көрүп, кыргыз жергесинде аларга бир боордой мамиле кылып келишкен. Муну түшүнгөн казактын бүгүнкү коомчулугу Филипп Голощекинге тургузулган эстеликти жок кылышып, Жусуп Абдырахмановго эстелик тургузуу тууралуу коомчулукту үндөй баштады. Бул коомчулуктун оюу колдоого аларлык, анткени казак ачарлыгын билип туруп түзгөн Филипп Голощекинге эстелик тургандан көрө, казактар ачарчылыктан качып келгенде колун сунган Жусуп Абдырахмановго эстелик турганы туура.
Булак: NazarNews.kg