www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Тоскоол айылында жайгашкан "Тоскоол ата" мечитинин имамы Курманбек Акматалиев жергиликтүү эл үлгүлүү алчу ишти өзү баштап берди. Ал каза болгон байбичесинин жылдыгын өткөрүүгө сарпталчу 15 миң сомду ооруканага берди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Элдин саламатчылыгы үчүн күн-түн дебей өмүрүңөрдү тобокелге салып кызмат кылып жатасыздар. Мен дагы ооругандарга жардам берүүнү максат кылып, байбичемдин жылдыгына чыгымдоочу каражатты сиздерге тапшырууну туура көрдүм. Себеби сооп табуунун түрлөрү аябай эле көп чынында. Бирок, тилекке каршы биз тамак-аш тартуулоону гана адатка айландырып алганбыз”, - деген имам.

2019-жылы ушул маалда анын байбичеси дүйнө салган эле. Анын жылдыгына эл чакырып, дасторкон жайып чакыруунун ордуна Ноокен райондук ооруканасына 10 миң сом жана айылдык ФАПка 5 миң сом акчалай түрүндө жардам берип, буга кеткен соопту байбичесине багыштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости