www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда карантиндик чектөөлөр жеңилдейт

15-августтан тартып Өзбекстандын бардык аймактарында күндүз автоунаалардын жүрүүсүнө, ошондой эле ички аба жана темир жол каттамдарына уруксат берилет. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев билдиргенин өзбек басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, чектөөлөрдүн жумшарышы менен санаторий, мейманкана, музей, балдар лагерлери, сулуулук салондору, чач тарач жана үстү ачык коомдук тамактануу жайларынын ишине уруксат берилет.

Жарандар үйлөрүндө белгиленген талаптарды сактоо менен 30дан ашык эмес адамдын катышуусунда үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрсө болот.

17-августтан тартып аймактар ортосундагы автоунаа кыймылын жана коомдук транспорттордун ишин калыбына келтирүү пландалууда.

20-августтан кийим-кече, курулуш материалдарын саткан базарлар, ири дүкөндөр, спорттук залдар, фитнес-клубдар жана бессейндер иштей баштайт.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия карантиндик чектөөлөр жумшартылганга чейин санитардык талаптардын алкагында ар бир ишмердүүлүктүн түрү боюнча эрежелерди иштеп чыгышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости