www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Өкмөтү коомчулукка Кыргызстандагы коронавирусту жуктурган жарандар тууралуу ыкчам билдирүү таратты:

📍Кыргызстанда Ноокат жана Сузак райондорунда коронавирусту жуктуруунун 6 учуру катталды, алар кичи ажылыктан кайтып келген үч эркек жана үч аял.
410 адам – обсервацияда;
1251 адам – жашаган жери боюнча дарыгерлердин көзөмөлүндө;
1309 адам – 14 күндүк карантинден чыккандар.

📍Саламаттыкты сактоо министрлиги жатак орундуктардын санын 2290го чейин көбөйттү, алардын 700ү өлкөнүн түштүк аймагында.
Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

📍Мамчек араларда жарандар катаал тартипте текшерилүүдө. Чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча, 17-19-мартта КРге 5183 адам кирип, 6795 адам чыгып кеткен.
Ош ш. 4 базар жабылды жана коомдук транспорттун иши токтотулду.

📍Кызыл жарымайдын ыктыярчылары КРде ӨКМ менен бирге калктын арасында маалыматтык иш алып барып, санитардык тазалоо жараянына тартылууда. Алар улгайган жарандарга маскалар менен антисептиктерди да таратып жатышат.

📍КР Финансы министрлиги коронавирустун жайылышын алдын алуу иш-чараларын каржылоо максатында эсеп ачты. 20.03.2020-ж. (12:30с.) карата 2 млн 200 миӊ сом түштү. Ошондой эле “Сорос” Фонду пандемияга каршы күрөшүүдө күч-аракеттерди колдоого 100 миӊ АКШ долл. өлчөмүндө Өзгөчө фонд түздү.

📍Инфекциялык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө “Сорос” Фондунан ӨЖЖ аппараты берилди, республика боюнча жалпы 624 аппарат бар.

📍КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жалпы тамактануу жайларынын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча көзөмөлдү катаалдатууну тапшырды. Өз кезегинде, Республикалык штаб жарандарды үйдөн чыкпай, мүмкүнчүлүк болсо, аралыктан иштөөгө жана адамдардын чогулуусу тууралуу ИИМге кабарлоого чакырат.

📍Ысык-Көл облусунда бардык пансионаттар, эс алуу үйлөрү жана мейманканалар карантинге жабылды.

📍Ыкчам IT штаб түзүлдү. Коронавирус боюнча калкты маалымдоо үчүн чат бот ишке киргизилди.

📍Бардык КТБлар штаттык режимде иштеп, имараттар пландын негизинде күн сайын дезинфекцияланып жатканын МКК билдирди.

📍800 медицина кызматкери даярдалып, алардын бөлүгү профилактика, клиника жана COVID-19 (короновирусу) эпидкөзөмөл маселелери боюнча окуусун улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости