www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы депутат, саясатчы Кубанычбек Исабеков Германиядан кыргыз бийлигине, "Менин Өкмөтүм бизди “талаага таштадыбы?” - деген темада өзүнүн социалдык тармагы аркылуу билдирүү таратты.

Урматтуу мекендештер!

Көпчүлүгүңүздөр билгендей мен бир айдан бери Германияда дарыланууда элем. Кечээ күнү акыркы жолу доктурларга көрүндүм, Кыргызстанга кетүүмө уруксат беришти. Рейстерди токтотуп баштаганда Турция аркылуу, андан кийин Москва аркылуу билеттерим тилекке каршы күйүп кетти. Германияда болсо, шаар аралык аба каттамдар жана автобустар өз ишин токтотушту. Менин акыркы үмүтүм Штутгарт-Берлин-Москва-Бишкек каттамында болчу. Бирок акыркы маалыматтар боюнча коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдын чечими менен Москвадан, Новосибирсктен Бишкеке, Ошко бир жумада бир эле рейс каттап турсун деген чечим кабыл алыныптыр. Ал деген биздин Өкмөт өзүнүн жарандарын талаага калтырганын билдирет. Бул чыккынчылыкка барабар. Чет элде жүргөн мигранттар шайлоого эле керекби?

Менин деним сак! Анан эмнеге мен өз мекениме кайтып келе албайм деген суроо жаралат. Мен өз элим, үй-бүлөөм, бала-чакам, неберелерим менен болгум келет. Эмне үчүн менин Өкмөтүм менин кайтып келишиме тоскоолдук койду? Биздин көптөгөн жарандарыбыз чет мамлекеттерде калышты. Алардын арасында дагы мүмкүн ооруп калгандар бардыр, бирок ага карабастан кыргыздын жараны болгондон кийин баарыбыз бирдикте болуп, бири бирибизге жардам беришибиз керек эле. Ушундай абал өнүккөн өлкөлөрдө болуп жатканда, ал эми биздин Өкүлчүлүк жок мамлекеттерде эмне болуп жатат элестетиш кыйын.

Кытайда бул оору жаңыдан чыккан кезинен эле баштап башка мамлекеттер өзүнүн жарандарын алып чыгып кетип жатышты. Жакында эле Казахстан, Узбекистан дагы өзүлөрүнүн учактарын Кытайга жиберип, жарандарын чыгарып кетишти. Ал эми Кытайда иштеп, окуп жүргөн биздин жарандарыбыз айласыздан Казахстан, Россия аркылуу араң келип жатышты. Миллионго жакын жарандарыбыз жакшы жашоонун айынан Россияда, Казахстанда, Турцияда, Европада иштеп жүрүшкөн жок экени баарыбызга белгилүү. Жеткиликтүү айлык акы жок болгондуктан, бийлик биздин жарандарга иштегенге эч кандай шарт түзүп бербегендиктен бөтөн жерде мусор тазалап, көчө шыпырып иштеп жүрүшкөнү дагы бар. Ал эми мигранттар өз элине, жакындарына акча жөнөтүп, жардам берип, колдоп, “сом” валютабыздын дагы туруктуулугуна салым кошуп келишкен. Эч кандай кылмыштуулука, уурдоого барбай, өз эмгектери менен акча таап жүрүшкөн. Өкмөт болсо бүгүнкү күндө баардык чет жактагы жарандарыбызды ара жолдо таштап салды.

Урматтуу бийлик өкүлдөрү, күзүндө шайлоо экенин унутпасаңыздар.

Урматтуу Кыргызстандын жарандары кимдин ким экенин азыртадан эле билинип баштады, ошондуктан күзүндө терең ойлонуп, туура чечим кабыл алыңыздар. Өтө өкүнүчтүү. Мен өз мекениме кайткым келген. Бул жактан менден сурап жатышат: Силердин Өкмөт кандай аракеттерди жасап,силерге жардам кылганы жатабы деп. Мен эмне деп жооп береримди билбей жаткам. Азыр болсо – Ооба менин Өкмөтүм мени “талаага таштап кетти” десем да болот. Биздин бийлик оорусаңар дагы, соо болсоңор дагы бөлөк эл, бөтөн жерге калгыла. Бизге ошол жакта өлгүлө дегендей мамиле жасады.

Бизди ойлобой, талаага таштап салганыңарга биздин бийликтегилерге мен “Рахмат” демекчимин. Мага Силерден эч нерсе кереги жок эле, болгону өз мекениме, үйүмө кайткым келген. Баардык чет жакта калган жарандарыбызга кетүүгө шарт түзүп берүүңүздөрдү суранат элем. Силердин дагы жакындарыңар, туугандарыңар алардын арасында бар чыгаар.

Элиме бекем болгула деп кайрылат элем. Өзгөчө чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыз өзүңөргө сак болгула, абайлап, дүрбөлөңгө алдырбай, санитардык гигиенаны сактап, Саламаттыкты сактоо министирлиги берген сунуштарды аткарыңыздар. Биздин өзүбүздүн мекенибизде эмес, чет мамлекетте калып жатканыбыз өтө өкүнүчтүү. “Кош Кыргызстан”, “Кош менин мекендештерим” дегим келбейт. Мен күчтүүмүн! Кыргыз болуп төрөлүп Ысык-Көлдө өсүп, чоңойгонума бактылуумун деп эсептеймин. Ошол эле маалда ден соолукта бөлөк эл, бөтөн жерде жүргөндөн көрө короновирус жукса дагы Кыргызстанымда ооруп жатканым жакшы эле, бөтөн жерде жүргөнгө караганда. Бул дүйнө менен кош айтышсам дагы өз мекенимде болгум келет.

Урматтуу бийлик өкүлдөрү, биздин келүүбүзгө эч кандай тыюу салууга укугуңар жок. Бул миңдеген чет жакта жүргөн жарандарыбыздын айтып жаткан сөздөрү.
Мен бул кайрылууну жазып жатканымдын себеби мага көптөгөн адамдар өз арыз- муңун айтып жазып жатышат. Алардын ичинде Кыргызстандан баштап, Москва, Италия, Германия ж.б. дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунан жазгандар бар. Ар бири жүрөгү менен кыргыз элин ойлоп келет.

Мен баарына чыдайм. Бирок баардык кыргыз жарандарыбыз өз мекенине кайтуусу керек. Аууу! Мекенибиз, элибиз, жерибиз, Кыргызстаныбыз аман тургула! Чет жактагы кыргыздардын жүрөктөрү силер менен!

Урматтоо менен Кубанычбек Исабеков!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости