www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкө аймагына коронавирусттук инфекциянын жайылышына жол бербөө боюнча кезексиз кеңешме өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Жумшаган күч аракеттерибизге карабастан, өлкөгө вирустун киришин алдын алуу мүмкүн болгон жок. Азыр күнөөлүүлөду издей турган учур эмес. Биздин алдыбызда азыр эки маанилүү милдет турат: инфекцияны кантип жеңебиз жана биздин экономикага тийгизген таасиринин кесепети менен кантип күрөшүү керек. Биз аракеттерибиздин алгоритмин так аныкташыбыз керек. Иш жүргүзүүнүн так эрежелерисиз кайсы бир жерден кынтык кетирүү мүмкүн. Ошондуктан ишти мобилизациялоо керек.
Азыркы тапта бизде коронавируска кабылган 6 учур ырасталды. Бул жарандардын баары алар менен бир учакта келгендер менен бирге изоляция алынды. Бирок алар башка адамдар менен да байланышкан. Биз аларды аныктап, анализ алышыбыз керек. Ар бирин текшерип, бардыгынын анализдеринин жыйынтыгы чыкканга чейин биз инфекция 6 гана адамга жукканы тууралуу ишенимдүү айта албайбыз. Учурда бизде эки райондо өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ар бир мамлекеттик орган өзүнүн багыты боюнча көзөмөл жүргүзүүсү зарыл. Бизге байкоочулардын кереги жок", - деди Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу экономикалык жоготууларды эсептеп, түзүлгөн кырдаалда бизнести колдоо механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды.
Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү чечимин аткарууга көзөмөлдү күчөтүүнү милдеттендирди.
Булак: NazarNews.kg