www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов учурдагы кырдаал боюнча бийлик менен өкмөткө Кайрылуу жасады.

"Ардактуу агайын туугандар! Урматтуу замандаштар!

Мамлекетте орун алган жагдайлар боюнча кайрылуубуз бар. Биринчи мамлекеттик бийликке. Бүгүн дүйнө жүзүн каптаган чоң апаат Кыргызстангада келди. Акыркы кабарлар боюнча алты окуя катталды. Демек, мамлекеттик бийлик жалпы мамлекет боюнча өзгөчө кырдаал киргизиш керек. Эмнеге? Анткени, эпидемияны токтотунун бирден бир куралы бул - өзгөчө кырдаал болуп эсептелинет. Бул боюнча дүйнөдөгү баардык мамлекеттер колдонууда. Экинчи мамлекеттик экономиканы сактап калуунун бирден бир инстирументти. Кечөө кенен кайрылуу кылдык эле. https://www.nazarnews.kg/posts/koronavirus-zamandash-partiiasynyn-lideri-okmotko-olkonun-ekonomikasy-tuuraluu-kairyluu-zhasady.

Экинчи кайрылуубуз. Урматтуу өкмөт! Аныничинде ӨКМ жана ТИМ. Бүгүнкү күнү Жуков аэропортунда 200дөн ашык КР жарандары ары же бери чыга албай кармалып турган учуру. Андыктан, чечкиндүү чечим менен атайын борд жөнөтүп КР жарандарын мамлекетине алып келип, өз карамагыбызга алуу шарт. Биз үчүн, мамлекет үчүн Кыргызстандын ар бир жаранынын өмүрү жана алардын тагдыры маанилүү! Ылайым бизде тынчылык болсун! Кудайым колдосун!"

Булак: NazarNews.kg

Последние новости