www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксы районун акими Ыманберди Досбаев NazarNews  маалымат агенттигине жеринен маалымат берди.

“Учурда Аксыда тамак-аш жетиштүү. Мектеп бала-бакча, ашкана жана кафелер жабылып, тойлор токтотулган. Бардык жерлер дезинфекцияланып жатат. Кичи ажылыктан келген бир аял карантинде, азырынча анализдин жыйынтыгы эртең чыгат. Эл көчөдө мурункуга караганда аз”,- деди Аксы районун акими.

Бүгүн, 20-мартта коронавирус дагы үч адамдан аныкталганын Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  маалымат жыйынында билдирген. Алар Ноокат районунун тургундары. Умра сапарына барып келген бул тургундар изоляцияга алынган. 20-мартка карата өлкө боюнча коронавирус менен 6 адам жабыркап жатат.

Эске сала кетсек , 18-мартта Кыргызстандын Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталган. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, алардын тесттеринин жыйынтыгы ошол эле түнү Бишкектен чыккан. Вирусту жуктуруп алгандар Араб Эмиратынан 12-мартта келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости