www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Хубэй провинциясына караштуу Ухань шаарында пайда болгон жана бир топ өлкөгө жайылган жаңы типтеги коронавирустан (Ковид-19) бүткүл дүйнөдө 9 761 адам көз жумду. 84 миңден ашуун киши оорудан сакайып чыкты. Дүйнөдө жалпысынан 229 328 адам бул ооруга чалдыккан. Акыркы суткада 997 адам оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышты. Вирус жуккан 23 100 жаңы адам катталды.
Бүгүнкү күндө Италияда вирустан өлгөндөрдүн жалпы саны Кытайдын көрсөткүчүнөн да ашып кетти. Бул тууралуу Johns Hopkins University’s Center for Systems Science and Engineering (Johns Hopkins CSSE) жарыялады.
1) Кытайда Ухань шаарынан пайда болгон коронавирусту 80 967 адам жуктуруп алган. Каза болгондордун жалпы саны 3200 адам болсо, айыккандардын жалпы саны 70 400 кишиге жетти.
2) Акыркы маалымттарга таянсак, вирустан Европада эң көп таасир алган Италияда каза тапкандар 475ке көбөйүп 2978ге жетти. Жуктуруп алгандардын саны 41 миңден ашты жана булардан арасында 7си саламаттык сактоо кызматкерлери.
3) Акыркы 24 саатта Иранда коронавирустан өлгөн 149 бейтаптын өлүмү катталды. Ошону менен бул илдет өлкөдө 1 миң 284 кишинин өмүрүн алып кетти. Саламаттык сактоо министринин орун басары Алиреза Раиси бери вируска чалдыккан дагы 1046 киши аныкталганын, ооругандардын жалпы саны 18 миң 407ге жеткенин билдирди.
Ислам жумурияты инфекция жуккандардын саны боюнча Кытай жана Италиядан кийинки үчүнчү орунда турат.
4) Испан өкмөтү вирусту таратпоого мүмкүн болушунча аракет кылууда. Вирус жуктургандардын саны эки эсе көбөйүп жалпы саны 18 077ге жеттти. Акыркы сутка ичинде илдетти жуктургандардын саны 3 308 болсо, 193 өлүм катталды.
5) Бешинчи рекорддук баскычка чыккан Герменияда коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 15 320 киши болгон. 24 саат ичинде илдетке кабылгандардын саны 2993 болсо, оорудан 16 киши каза болгон.
Булак: NazarNews.kg