www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын мурдагы жетекчисинин абалы оор, анын өпкөсүндө местаздар бар. Ал кезектеги химиотерапияны баштан кечирүүдө. Бул тууралуу Vesti.kgге Суталиновдун жубайы Гүлнара Суталинова билдирген.
УКМКнын мурдагы жетекчиси кыргызстандыктар коронавируска байланыштуу оор кырдаалда башка мамлекеттерге чыга албай жатканда Санкт-Петербургдан текшерүүгө өтүп келгенге жетишкен.
- Мурат Санкт-Петербургга учуп барып, текшерүүдөн өткөнгө жетишип калды. Ал питердик врачтардан кеңеш алды. Мураттын өпкөсүндө көйгөйлөр бар,-деп билдирген Гүлнара Суталинова.
Эске сала кетсек, буга чейин оор абалдагы Мурат Суталинов чет өлкөдөн медициналык текшерүүдөн өтүшү керектиги айтылган эле.
Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяга байланыштуу 20 жылга эркинен ажыратылган болчу. Ал ден соолугу начарлап кеткендигине байланыштуу 2019-жылдын 7-майында бошотулган.
Булак: NazarNews.kg