www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ 2011-жылы “Жуктуруу” (Заражение) тасмасын “Жакында дүйнө жүзү вирус жуктурат” деген слоган менен чыгарган. Тасманын режиссеру Стивен Содерберг. Ал эми, ценарийди жазган Скот З. Бёрнс.
Тасма жөнөкөй Американын жараны Бет Эмхофф Гонконгдогу жаңы заводдун ачылышына баргандан башталат. Ал иш сапарынан үйүнө кайтып келе жатканда өзүн жаман сезет. Сасык тумоонун кандайдыр бир түрүн жуктуруп алдым деген ой менен үйүнө, жолдошу Томас, баласы жана кызына кайтып келет. Врачтардын аракетине карабастан аял каза болуп калат. Анын баласы да вирустан каза болуп, аялдын жолдошу ооруга туруштук берип, аман калат.
Бул тасма азыркы бүткүл дүйнөлүк пандемия болуп жаткан коронавирус оорусу менен окшоштук жактары көп. Тасмада америкалык аял Кытайдын Гонконг шаарынан чочкодон жасалган тамактан вирус жугузат. Ал чочко жарганаттан вирус жугузуп алган болот.
COVID-19 дагы Кытайдын Ухань шаарында жарганаттан чыгып, адамдарга жуккан.
Кинодо Вирус тезинен аба аркылуу, кол кармашууда, кучактаганда, адамдан адамга жуга баштайт. Биринчи күнү эки адам, андан кийин 6 адам, анан 16 адам, үч айдан кийин млрддаган адамдарга жугат. Андан кийин эле Италия мамлекетине өтөт. Ошентип отуруп, бүткүл дүйнө жүзүнө жайылат.
COVID-19 Кытайдан чыгып, жуктургандардын саны тездик менен көбөйүп, 155ден ашуун мамлекетке тарады. Учурда коронавирус Италияда күч алууда. Аталган мамлекетте жуктургандардын саны 4135ге, акыркы суткада өлгөндөрдүн саны 427ге жетти.
Тасмада вирусту жуктургандардын саны көбөйгөндө, алар атайын изоляцияга алына баштайт. Элдин баары карантинге алынып, коомдук жерлерге чыкпоого тыюу салынат.
COVID-19 менен ооругандар да атайын изоляцияга алынды. Кээ бирлери да үй карантинине алынып, коомдук жайга чыкпоого тыюу салынды.
Кинонун башталышында бул вируска вакцина жокутугуна байланыштуу эч ким бул оорудан айыкпай, аларды сактап калууга аз да пайыз мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Тасмада Крумвьед вирус тууралуу жалган маалымат таратып, андан айыгунун дарысы деп элди алдап жарнама чыгарат. Азыркы учурда дагы коронавирус кырдаалын пайдаланып, ал жөнүндө туура эмес маалымат таратып, кызыл кулактык кылгандар көбөйдү.
Эксперттер бул-“куш туумоосу” деп аташып, аны аскердик курал катары колдонушкан деп да божомолдошкон.
Тасманын аягында гана вируска каршы вакцина табылып, элдер төрөлгөн күнү боюнча кезекке туруп, вакцинаны ала башташат.
Булак: NazarNews.kg