www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктургандардын дээрлик баардыгы Сауд Арабиясынан учуп келгендерден аныкталууда. Мындан улам, аталган өлкөдө канча киши бул илдетке кабылгандыгы тууралуу статистикасын карап чыктык.
Акыркы маалыматтарга таянсак, учурда Сауд Арабияда 274 адам коронавирус менен жабыркаса, алардын 8и айыккан. Ал эми ушул тапта, адам өмүрүн алган учур каттала элек. Аталган өлкөдө коронавирус менен жабыркаган алгачкы учур 2-мартта катталган.
Мындан улам, өлкө бийлиги февраль айынын соңунда умрага (кичи ажылык) аттанган зыяратчыларды киргизүүнү убактылуу токтоткон. Мындай чаралар вирустан сактануу үчүн жасалып жатканы айтылган.
Эске сала кетсек, учурда Кыргызстанда жалпысынан 6 жаран коронавируска кабылды. Өлкөдө биринчи учур 18-март күнү аныкталса, экинчи учур бүгүн, 20-мартта катталды.
Булак: NazarNews.kg