www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өкмөтү Россиядагы жарандарына эпидемиологиялык кырдаалда жардам берүү үчүн 4 миллион сом которду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Кыргыз өкмөтү Россиядагы элчиликке 10 миллион сом бөлүүнү чечкен. Ошондон бери финансылык жардамдын бөлүнүнүшү тууралуу жарандардан түшүп жаткан суроолорго байланыштуу элчилик маалымат берүүнү туура көргөн.

"25-апрелге карата элчиликтин алдындагы штабга 4 миллион сом которулду. Кыргыз өкмөтүнүн чечимине ылайык жардам көрсөтүүдө накталай акча таркатуу каралган эместигин белгилеп кетебиз. Келип түшкөн финансылык жардамды бөлүштүрүү иши элчиликтин алдындагы Москвадагы кыргыз диаспорасынын лидер жана активисттеринин катышуусундагы атайын комиссия тарабынан жарандардын кайрылууларынын белгилүү бир категорияларына жараша каралат. Штаб бөлүнгөн акча каражат - 4 миллион сом өтө муктаж жарандарга, тактап айтканда, COVID -19 илдетин жуктуруп алгандарга, оорукчандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге, кош бойлуу аялдарга, жашы улгайган жарандарга убактылуу жатакана (хостел), тамак-аш түрүндө жардам берүүгө багытталаарын белгилеп кетет. Элчиликтин алдындагы штаб бөлүнгөн каражаттын ар бир чыгымдалган сому коомдук көзөмөлдө болот деп билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, жарандар кайрыла ала турган телефон номерлер көрсөтүлгөн.

Азыркы кырдаалга байланыштуу бардык маселелер боюнча расмий маалымат алуу үчүн элчиликтин күнү-түнү иштеген Call-борборуна төмөндөгү телефондор аркылуу чалып, кайрылуу калтырууга болот.
+7 (499) 237 43 01;
+7 (499) 237 44 61;
+7 (925) 387 41 27 – мобилдик (вотсап);
+7 (925) 387 45 97 – мобилдик (вотсап);
+7 925 103 29 11 – мобилдик( вотсап).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости