www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Польшадан Кыргызстанга келген медициналык адистер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жүргүзүлгөн байкоолордун жыйынтыктары талкууланып, кыргызстандык дарыгерлер жүргүзүп жаткан иштер жөнүндө пикир алышты. Өз кезегинде, поляк дарыгерлери жергиликтүү медициналык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жана жергиликтүү ооруканалардын жабдылышын жогору баалашты.

Белгилей кетсек, 19-апрелде Кыргызстанга польшалык сегиз адис келген. Польшалык дарыгерлер кыргыз кесиптештерине коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө жардам берүүдө.

Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 665 тастыкталган учурлары бар, алардын ичинен 175и дарыгерлер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости