www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Ага онлайн режиминде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэри катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт коронавирустук инфекциянын жайылуусун алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүүдө, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен медицина кызматкерлери, ыкчам кызматтар күчөтүлгөн режимде иштөөнү улантышууда.
Тармактык министрликтердин жана ведомстволордун, облустук администрациялардын башчылары коронавирустун тарашына жол бербөө максатында тапшырмаларды аткаруу боюнча жасалган иштер жана көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат беришти.
Биринчи вице-премьер-министр өзгөчө кырдаал кыймылга чектөө чараларын камтый турганын эскертип, коомчулук көрүлгөн убактылуу чараларга түшүнүү менен мамиле кылып жатышканын белгиледи.
«Өлкөнүн бардык облустарында санитардык-карантиндик посттор орнотулган. Алар адамдардын кыймылын көзөмөлдөөнү күчөтөт. Жарандар кырдаалдын олуттуулугун түшүнүү менен кабыл алуулары керек. Инфекциянын жайылуусуна жол бербөө үчүн ар бирибиз белгиленген эрежелерди сактап, сунуштарды карманууга тийишпиз. Өтө зарыл болбосо адамдар үйүнөн чыкпашы кажет», – деди биринчи вице-премьер-министр.
Ал коронавирустун алдын алуу чаралары жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантууну тапшырып, бул үчүн бардык каражаттарды, анын ичинде уюлдук операторлор аркылуу sms-билдирүү жөнөтүүнү, маалыматтарды жайылтууну, радиорубрикаларды колдонууну, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкка маалымдоо үчүн өлкөнүн телеканалдардын эфирин камтуу мүмкүндүгүн пайдаланууну сунуштады.
Жыйындын катышуучуларына билдиришкендей, түзүлгөн кырдаалды эске алынып учурда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жана социалдык жактан алсыз үй-бүлөлөрдү колдоо маселеси каралууда.
Мындан тышкары мекенине кайтып келе турган бардык мекендештерибизден санитардык-көзөмөл жайларынын кызматкерлери текшерүүгө мазок алышат.
Жыйында белгилегендей, үй карантини эрежелерин бузуп, тышка чыгууну чечкен жарандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат.
Жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү рейддерди өткөрүп, Өкмөттүн маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана башка иш-чараларды өткөрүүгө коронавирус боюнча кырдаал жакшырганга чейин убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимин аткарууну көзөмөлдөп турушат.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча тармактык органдарга бир катар тапшырмалар берилген, анын ичинде жергиликтүү бийлик органдарына коронавирус аныкталган жарандар менен байланышта болушу мүмкүн болгон бардык адамдарды кайрадан текшерүү милдеттендирилди.
Булак: NazarNews.kg