www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 12-апрелдеги шайлоо токтотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-мартта «КР Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды токтотуп туруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкта төмөндөгүлөр белгиленет:

«Адамды, анын өмүрүн, саламаттыгын, укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле ар бир адамдын ден соолугун коргоо укугун көз карандысыз демократиялык мамлекеттин жогорку баалуулуктары катары белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык республикада түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаал кечиктирилгис чараларды көрүүнү талап кылат.

COVID-19 коронавирусунун жайылышынан улам Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 21-мартындагы № 6 чечимин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, шайлоо комиссияларынын жана коомчулуктун кайрылууларын эске алып, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоону камсыз кылуу, шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын толук ишке ашыруу максатында токтом кылынат:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 10-февралындагы № 32 Жарлыгы менен 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды мындан ары аткаруу Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаал режиминин мезгилинде токтотулуп турсун.
  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:

— ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды белгиленген тартипте көрсүн;

— сунуштарды киргизсин:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өзгөчө кырдаал режими аяктагандан кийин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды улантуунун датасы жана добуш берүүнүн датасы боюнча;

— мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттерине өзгөчө кырдаал режими киргизилген учурда шайлоо процессин регламенттөө жаатындагы өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду шайлоо мыйзамдарына киргизүү боюнча.

  1. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости