www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутат Надира Нарматова өзүнүн Фейсбук баракчасынан учурдагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда эле эмес  Россиядагы 10 миң кишиге ылайыкталган мечиттер дагы жабылып жатканын жана апаат сыноого сабыр кылууга чакырып, билдирүү жазып чыкты. 

"Сабыр кылгыла, момун мусулмандар!
Бир эле бизде эмес, мына Россиядагы 10000 адам батып намаз окуучу мечиттер делее апаат сыноого карата жабылыптыр. Кудайдан тилейли. Сабыр кылып, тез ушул апааттан кутулуп чыгып кетели! Мечиттер намаз окуучу адамдар менен көркүнө чыгат. Тынчтык амандык болсун! Сабыр, сабыр, чексиз сабыр кылгыла. Бул да сыноо. Жыйынтык чыгаргыла. Пейилди оңдогула. Ниетти түздөгүлө. Себеби мечитти да мечиттей таза, күнөөсүз кылып, шайтандардан, жаман адамдардан, жаман көздөрдөн сакташ керек.
Мурда бир айылда бир мечит болчу, ошол баарына жетишет эле. Азыр Аллага шүгүр, ар бир көчөгө мечит куруп алышты. Мечит көбөйгөн сайын, эл майдаланып, бөлүнүп, уруу, уруу болуп бөлүнүп алышты. Ушул жакшыбы? Пейил бузулду. Бирик десең да болбойт. Бир айыл 5,6 жамаатка бөлүнгөн. Таң каласың. Тооба. Бир айылдын кишилери 5,6 жамаат. Өз өзүнүн молдосу бар. Эмне дейсиң.
Мечитке барып, отуруп алып, ушак сүйлөгөндү, саясат сүйлөгөндү, уруу урууга бөлүнүп, сөз талашып, мындан кийин, жыйынтык чыгарып, урушуп кеткенди токтотосуңар. Бул жараткан Алланын сыноосу! “Бардыгыңар эсиңерге келгиле, тиешеси жок нерсеге аралашпай таза намазыңды окуп, ыйман жолунда жүргүлө! Намазды окуп алып, жалган сүйлөп, арамдык иштерди жасап, коррупцияга аралашып, таза жүрбөйсүң, тазаланып, ойлонуп келгиле”,-деп Жараткан Алла ушундай сыноо берди окшойт.
Өз жолуңда жүр! Мечитке келсең, таза ниет менен келип, намазды окуп, жөн кеткин деген эскертүү болуп жүрбөсүн! Ошондуктан,ар бир Жараткандын пендеси күнөөнү өзүбүздөн издеп, тилимден жаздымбы, дилимден жаздымбы кетирген катааларымды кечир деп тилейли жакшыларым. Кой десе болбой митинг, пикетке чыгып, тейтеңдегендердин кесепети, жылаңачтардын кесепети, болуп жүрбөсүн. Мына өздөрү эле тынчып отуруп калдыбы. Баары бир күндө моюн сунуп калды. Бул да болсо Кудайдын буйругу. Эсибизге келип, чукулашпай, асылбай, бир-бириңдин жамандыгыңды аңдыбай, пейилди оңдойлу,ниетти түздөйлү, ыйманга келели, тооба келтирели.
Кудайга ишенели.Үйдө бекер олтурбай, намазыбызды үзбөй окуп, жакшы тилектерди кылалы, шайтандардан, терс пикирден, терс ойлордон тазаланалы. Өзгөчө башкалар жөнүндө арам ойлоп, божомолдоп арамдангандан, ишенбөөчүлүктөн тазаланалы.
Бирөөгө ишенип үйрөнөлү. Үзүлбөгөн үмүт бар. Бирок, баары жакшы болот буюрса.
Сабырдуүлук менен жеңебиз баарын".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости