www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжай районундагы Чечме айылынын тургуну, Сох анклавынын тургундарынын ортосундагы жаңжалда жапа чеккен Айтбай Акынов бүгүн көз жумду. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине маркумдун досу билдирди.
"31-майда биздин айылдаштар түлөө өткөрүп, булактын тегерек четин тазалап жатышкан. Ошол учурда чыр чыгып, түлөөгө өзүнүн унаасы менен азык-түлүк алып барган досубуз Айтбай Акынов унаасы менен окуя болгон жерден кете албай калган. Окуядан улам ал инсультка кабылган. Кийинчерээк аны алып кетишип, ооруканага жеткиришкен. Досум жакында уулун үйлөнтүп, той берүүгө белсенип жаткан эле. Ага жетпей мына ушундай жаман окуя болду",- деп улутунду ал.
Маркум инсульттан комага түшүп калып, 10 күн жандандыруу бөлүмүнөн чыкпай бүгүн, 10-июнда көз жумду.
Айтбай Акынов 49 жашта болчу жана анын артында 3 баласы калды.
Эске сала кетсек, 31-майда Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасында булак талаштан улам чыр чыккан. Жаңжалда кыргыз тараптан 25 адам жаракат алса, өзбек тарап 187 киши жаракат алганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg