www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиялык саясатчы Владимир Жириновский мас абалында унаа башкарып, жол кырсыгына кабылган актёр Михаил Ефремовду 12 жылга эркинен ажыратууну талап кылды. Бул тууралуу саясатчы социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Анын бул кылмышы үчүн жаза катуу болушу керек. Ефремовду 12 жылга эркинен ажыратууну талап кылам", - деп жазган Жириновский.

Ошондой эле, ал Ефремовду камакка алуу керектигин айткан. Анткени актёр үй камагында болгондон кийин чет өлкөгө качып кетиши же мас болуп алып терезеден секириши мүмкүн экендигин белгилеген.

Эске салак кетсек, 8-июнь күнү кечинде Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде актёр Михаил Ефремов мас абалда унаа башкарып бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан LADA жеңил жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын натыйжасында LADA унаасынын айдоочусу ооруканадан каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости