www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өзбекстан Республикасынын Президентинин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Кыргыз Республикасына кезектеги гуманитардык жүк келди. Букл тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы жазып чыкты.

Гуманитардык жүк өзүнө 50 комплект кычкылтектин мобилдик концентратын жана 100 даана инвазивдүү эмес өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратын  камтыйт.

Жалпы салмагы 8 тонна болгон гуманитардык жүк авиакаттам аркылуу бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен жеткирилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнө көрсөтүлгөн көмөгү үчүн жана бир тууган өзбек элине колдоо көрсөтүүсү үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости