www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Новосибирск шаарынын 21 жаштагы тургуну 2015-жылы Кыргызстандын жаранын өлтүргөндүгү үчүн күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Россиянын Новосибирск облусу боюнча тергөө комитетинин сайтында 30-июнда жарыяланды.

Маалыматтарга таянсак, 2015-жылдын 16-февралында орус улутундагы адам славян улутундагы эмес бейтааныш адамды көрүп, улуттук жек көрүү сезиминен улам көкүрөгүнө үч жолу бычак сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу кыргыз жараны экени аныкталып, алган жараатынан улам ооруканада көз жумган.

Кылмыш жасаган орус улутундагы жигит 2015-жылы жашы жете элек болчу.

“2019-жылы январда Москвада кармалган кылмышкердин өздүгүн аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Тергөөнүн жүрүшүндө айыпкер күнөөсүн мойнуна алган жок” – деп айтылат маалыматта.

Соттун өкүмү менен орус улутундагы жигит алты жылга эркинен ажыратылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости