www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев ооруканада пневмониядан дарыланып жатат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына барып келгенден бир нече күндөн кийин алы кетип, дене табы көтөрүлүп, муундары ооруй баштаган. 3-июлда ага пневмония диагнозу коюлуп, ооруканага жаткырылганы айтылат билдирүүдө. Сеид Атамбаев УКМКнын кызматкерлерине жана укук коргоочуларга кайрылып, ооруканага барып, анын тынчын албоону суранган.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмония диагнозу менен президенттин алдындагы иш башкармалыгына караган атайын оорукананын "кызыл зонасында" жатканы маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости