www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19 илдетинен улам акыркы учурда түзүлгөн кырдаалга жараша Жалал-Абад областынын аймагында милиция тарабынан бир топ түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Сузак РИИБи тарабынан түзүлгөн иш-мерчемдин негизинде жарандар көп топтолгон коомдук жайлар текшерүүгө алынды. Иш-чаранын жүрүшүндө эс алуучу жайларда, көчөлөрдө, соода борборлорунда жана базарларда бет кабы жок жүргөндөргө эскертүүлөр берилди. Милициянын көчмө кабылдамасы автоунаасына орнотулган үн чыгаруучу каржаттар аркылуу жарандарга санитардык нормаларды сактоо эрежелери жеткирилди.

Коомдук транспорт жана такси айдоочуларына адам ташууда бет кабы жокторду автоунаага чыгарбоо керектиги эскертилди. Айдоочулар өздөрү да жеке гигиенаны сактоо, медициналык каражаттарды колдонуу зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле милиция кызматкерлери атуулдарды жөнү жок көчөгө чыкпоого чакырышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости