www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 5-февралында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты Кыргызстандын биосфералык аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жеткире иштелбегендери жана кемчиликтери болгон бир нече себептерди жоюуга, жаратылышты пайдалануунун жана айлана-чөйрөнү коргоонун ченемдеринин, эрежелеринин жана чектөөлөрүнүн бирдиктүү механизмин иштеп чыгууга жана «Ысык-Көл» биосфералык чөйрөнү жигердүү жана туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости