www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Умрага зыяратка барып, ал жактан чыга албай калган 651 жаран Кыргызстанга кайтып келип үй карантинине киргизилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кыргызстандан Сауд Арабиясына 654 жаран барып, аба каттамдары жабылгандыктан келе албай жаткан. Эми алардын 651и кайтып келип, үчөө аталган өлкөдө калып калышкан. 
Эске сала кетсек, Кыргызстанга чет жактан келген четөлкөлүктөр жана жарандар үч категорияга бөлүнгөн өлкөлөрдөн келгенине жараша жоопкерчилик алат. Ал эми Сауд Арабиясы үчүнчү категориядагы өлкөлөрдүн катарына кирет.

•    ооруп калгандардын абсолюттук саны;

•    акыркы 10 күн ичиндеги инфекциянын тароо темпи;

•    эл аралык көз карандысыз уюмдардын баасы боюнча өлкөнүн пандемия, эпидемияга даярдык индекси.

Сауд Арабиясынан тышкары үчүнчү категорияга Сингапур, Австрия, Дания, Гонконг, Малайзия, Таиланд, Индия, Бахрейн, Австралия, Грекия, Канада, Ирак, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Ирак, Египет, Ливан, Катар кирет. Бул өлкөлөрдөн Кыргызстанга келгендерге өлкө аймагында жүрүүгө 14 күндүк чектөө киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости