www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын экс-президенти С.Ш. Жээнбеков кыргызстандыктарды куттуктады: 

Урматтуу мекендештерим!

Элибиз эчен кылымдардан бери эңсеп, ата-бабаларыбыз жанын аябай күрөшүп жүрүп, көз карандысыз мамлекет болгонубузга бүгүн 30 жыл толду. Баарыңыздарды ушул улуу майрамыбыз менен куттуктайм!

Соңку 30 жыл - тарыхый көз ирмем гана болгон менен, өлкөбүз арбын ийгиликтерге ээ болду, эл аралык аренада Кыргыз Республикасы эгемен мамлекет болуп таанылды. Бир эл, бир журт катары сыймыктанчу иштерди аткардык. Аны менен катар кемчиликтер, өксүктөр да болду. Бийлик - дайыма эле эл талап кылган бийиктикте боло албады. Өлкөбүздөгү ийгилик, жетишкендиктер – элдики, кемчилиги – бийликтики болду.

Биз, саясатчылар, элибиздин, азыркы муундун алдында гана эмес, тарых алдында да жоопкербиз. Аталардын жаркын элесине таазим этүү менен, алар мураска калтырган мамлекеттүүлүк, көз карандысыздык, элибиздин биримдиги, жерибиздин бүтүндүгү сындуу баалуулуктарды саясий жана пенделик кызыкчылыктардан жогору коюуга милдеттүүбүз! Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок!

Элибиздин келечеги үчүн аракет кылып жаткан азыркы муундун мамлекеттик ишмерлерине, саясатчыларына ийгиликтерди каалайм. Касиеттүү жергебизди, көп улуттуу элибизди Жараткан Өзү колдоп, эркиндигибиз түбөлүк сакталсын! Кыргыз эли, кыргыз жери ар дайым бар болсун! Ар бир үйгө аманчылык, токчулук, жакшылыктарды каалайм!

Майрамыбыз кут болсун!

Кыргыз Республикасынын экс-президенти С.Ш. Жээнбеков

Последние новости