www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң ири мамлекеттердин куралына, оюнчугуна айланып калышыбыз мүмкүн. Мындай пикирди кечээ, 30-августта NazarNews маалымат агенттигине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков билдирди. 

- Артур мырза, “гибкий” саясатты жүргүзүү азыркы бийликтин колунан келеби?

- Азыркы бийлик “гибкий” саясатты жүргүзүүгө аракет кылышы керек жана аргасыз. Андай саясатты жүргүзө албасак анда биз чоң ири мамлекеттердин куралына, оюнчугуна айланып калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан азыркы Ооганстандагы абалды карап, аларды башка ири мамлекеттер саясий оюнчук катары колдонуп жатканын көрүп жатабыз. Коңшу мамлекеттерден болобу ушуга окшогон өлкөлөрдү көрүп сабак алып, ошонун негизинде гана анализ жасап алдыга өнүгүүгө шарттарды түзүшүбүз керек. Өзүбүздүн саясатыбызды экономика, коргоо, сатабилдүүлүк жагынан өтө кылдаттык менен туура анализдеп, ошонун негизинде иш алып барганга аракет кылышыбыз шарт.

Бүгүнкү бийликтин аракети бар бирок канчалык деңгээлде мындан ары өсүп кете алат жана жогорулайт аны турмуш көргөзөт. Бийликтин кандай иштегени ката кетирбей туура багытта алып барганы ошондон билинет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости