www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын мындан ары өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүн жана 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат.
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын базасында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин түзүү максатка ылайык деп эсептелсин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды кабыл алуу сунушталсын.
Булак: NazarNews.kg