www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төмөндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарды Жаңы 2018-жыл менен куттуктоосунун тексти:

Урматтуу мекендештерим!

Кадырлуу калайык журтум!

Саналуу мүнөттөрдөн соң биз Жаӊы жылдын босогосун аттайбыз!

Баардык мекендештеримди, ар бир кыргызстандыкты Жаӊы 2018-Жыл менен куттуктайм!

Эски жылды узатып жатып, өткөнгө кылчая карайбыз. Аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарабыз. Эртеӊкинин максаттарын белгилейбиз. Жаӊы үмүттөр, жакшы маанай менен жаркын келечекке кадам таштайбыз.

Узап бараткан 2017-жыл тарыхый жыл болду. Бул жылы биз экономикалык өсүштү камсыз кылдык. Бир катар социалдык долбоорлорду ишке ашырдык. Эл аралык аренада өлкөбүздүн аброю жогорулады.

Ачык-айкын, курч атаандаштык шайлоо аркылуу өлкөбүздүн жаӊы Президенти шайланды. Кыргызстан дүйнө жүзүнө демократиялуу мамлекет экенин дагы бир жолу далилдеди.

Азыр Кыргызстан өнүгүүнүн эӊ маанилүү  мезгилине келди. Өлкөнүн алдында чоң милдеттер турат, өнүгүүнүн узак мөөнөткө багытталган стратегиясын аныктап жатабыз.

Биз таза коомду курууга бет  алдык. Эӊ башкысы –коррупция менен чечкиндүү күрөштү улантабыз.

Өлкөнүн, коомдун тазалыгы - эң оболу ар бирибиздин жүрөгүбүздүн, ниетибиздин  тазалыгынан башталат.

Улуттук дөөлөттөрдү бийик туткан, руху күчтүү коомду, ар бирибиз жүрөгүбүз, чын ниетибиз менен сүйгөн мамлекетти, жашоо шарты ыӊгайлуу, урпактарыбыз сыймыктана турган өлкөнү курууну максат кылабыз.

Биз баарыбыз бир максатка, бир тилекке биригип, коомубуздун ынтымагын бекемдейбиз. Улуттар аралык биримдикти чыӊдайбыз. Элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылабыз.

Эл аралык байланыштар жаңы баскычка көтөрүлөт. Коңшуларыбыз менен салттуу достугубуз чыңдалат.

Мен элибиздин акылмандыгына, жаратман күчүнө ишенем! Кыргызстаныбыздын келечеги кең. Биз үчүн өлкөдөн кымбат дөөлөт жок!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости