www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бир-эки жолу ырдап, түстүн баарын чаптап, желимден кирпик, кыскасын айтканда, кабактан баш, калемден каш коюп чыга калсаң бүттү жылдызсың. Тилекке каршы мындай жасалма жылдыздар тактап айтканда "лампочкалар" дагы эмес, "кытайдын шамдары" көбөйдү. Ал тургай сахнада тейтеңдеп ары-бери чуркап койсо дагы жылдыз аталып, наам алгандарга оозуң Ошту карап ачыла турган болду.

Эми дагы оозуңар Ошту карап ачылат. Алсак Самара Каримова деген ырчы бар, ырдын сөздөрүн бузуп ырдап, атасындай болгон Асан мырзага турмушка чыгып, акчанын артынан алдыга чыга келген так ошол Самара Каримова, Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору болуп дайындалыптыр. Өзү болгону 26 жашта, тажрыйба деген “нөл”, Самара Каримова жетекчиликке татыктуубу? 80 ден ашуун кызматкери бар музейдин ишин Самара Каримова алып кете алабы же жокпу аны бир Кудай билет. Кашын кагып ырдап түшүп кеткендей мамлекеттик иш сахна эмес. "Кадр" маселеси “кадыр” маселесине өтүп кеткени туура эмес го чиркин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости