www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын премьер министри Сапар Исаковго, Россия жергесинде жүргөн мигранттардын атынан кайрылуу ачык кат.

Урматтуу эл башчылары, элдин депутаттары, силерден эл күткөндөн эч жооп болбогонунан, мигранттарды камсыздандыруу боюнча(страховка) баарыңарга бир кайрылуу жөнөтөлү деп чечтик. Азыр өзүңөр билгендей Кыргызстандын 30% ашык калкы бөтөн жерлерде мигрант болуп, өз арабаларын өздөрү сүйрөп, тапкан акчаларын мекенине салып, мамлекеттин казынасына да жардам кылышып жүрүшөт. Ошого тагдыр насип, анан кокустук деп ар түр кырсык жамандыктарга дуушар болуп жатышат. Көпчүлүк эл, силерден укуктук жардам эле албаса башка бир көрүнүктүү жардам албай келет. Жардам берүүгө өкмөттүн тешилип калган бюджетинин да чама чаркы жок. Аны түшүнүп турабыз. Ар дайым алыста жүрүп мекендештерде кокустук, кырсык жамандык болсо, өз көйгөйүбүздү өзүбүз чечүүбүзгө туура келет экен. Ага жакында эле көп кабат үйдөн кулаган кыз, машина койдуруп кеткен мекендештерибизге жардам керек болгондо билип эле келдик. Буга чейин да канча кыйынчылыкта кайрымдуу калкыбызга гана ишенип келе жатабыз. Ошого жалпы эл башчылары, депутаттар, мигранттар олтуруп кеңешип бир чечим кылып, камсыздандыруу маселесин чечсек. Баарына айтсак баары эле макул, бирок биртике мигранттардын колунан эчтеке келбейт экен, ошого ийри олтуруп түз кеңешип мамлекеттик деңгээлде ушу маселени чечсек. Ушу нерсеге кайдыгер болбой тез аранын ичинде комиссия түзүп, ичине жогорку кеңеш депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, анан мигрант өкүлдөрү кошулуп бир чогулуш өткөрүп бүтүмгө келсек дейбиз. Мамлекет кошулуп катышкан, элдик көзөмөл болуп, кандай кокустук болсо ортодо биргеликте чече турган уюм дегендей. Сиздерден жооп күтөбүз.

Мигранттардын көйгөйүн көтөрүп чыккан Kg-Russ коомунун мүчөлөрү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости