www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек «Жылуулук электр борборунундагы» кырсыктын себептерин Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы, Башкы прокуратура дагы текшерүүдө.

Экономикалык кылмыш менен күрөшүү агенттигинин берген маалыматына караганда, учурда ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Ал эми, Башкы прокуратура тийиштүү органдардын иликтөөсүнөн кийин баа бермекчи.

Буга чейин УКМК станцияны текшерип жатканы маалымдалган.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү «Жылуулук электр борборунундагы» кырсык болуп, шаарга жылуулук берүү кескин азайды. Бишкектиктер батирлердин ичи жылыбай жатканын айтышууда.

Өкмөт үйүндө тоңгондорду мейманканаларга жайгаштырып, шаарда бир нече жылынуучу жайларды уюштурду. Ал арада колун-бутун үшүккө алдырган жарандардын саны көбөйүүдө.

Бирок, жакынкы күндөрү аба ырайынын жылышы синоптиктер тарабынан айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости