www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Музаффардын "музасы" күчтүү

КСДПнын Музаффар Исаков деген эрке депутаты бар. Депутат болуп келгенче эле кылгылыкты кылып койгондордун бири. Кичи мекени Сузактын Таш-Булак деген айылында 2009-2010-жылдары мектеп директору, 2010-2015-жылдары айыл өкмөт башчысы болгон.

2015-жылы акчанын күчү менен КСДП аркылуу Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Ал айыл өкмөт башчысы болуп турганда аталган айылдагы 15 гектарга жакын жер тилкеси мыйзамсыз берилип кеткен. Ал жер тилкелерин 1500-3000 долларга чейин сатылганы, Исаков жалпысынан 315 туура эмес токтом чыгарганы айтылган.

Бул боюнча кылмыш 2017-жылдын апрель айында эле козголгон. Ошондон бери, эч нерсе болбогондой Эл өкүлү болуп келет. Кыскасы, Музаффардын уккан да, ырдаган да музасы өтө шаңдуу. Чартаңбай тээп, Жогорку Кеңештин жумшак креслосунда чалкалап олтурат. Адатта башына кара булут айлангандар кайгылуу музыкага жакын болушчу эле.

Айтор, колдоочусу күчтүү болуп, кутуруп жатканы ачык эле көрүнүп турат.

Булак: "Багыт" 

Последние новости