www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурлан Мамытов Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун (КРӨФ) башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу КРӨФнын басма сөз кызматынан маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун жалпы жамаатына жаңы жетекчини тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалаган.

Эске салсак, буга чейин фондду Азиз Аалиев жетектеп келген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости