www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын экс-орун басары Эмил Жамгырчиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыкты.

Маалым болгондой, Жамгырчиевден тышкары, өкмөттүн аппаратынын башчысынын мурдагы орун басары Бакытбек Калмуратов дагы сурак берип жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, экөө тең тергөөчүнүн тергөө буйругунун алкагында УКМКга жеткирилген.

Белгилей кетсек, Бакытбек Калмуратов менен Эмил Жамгырчиев контрабандага шектелүүдө.

Эске салсак, буга чейин Эмил Жамгырчиев аткезчилик жана акча талап кылуу ишине тиешеси бар экендигин четке каккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости