www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы салыктарды, санкцияларды, айып пулдарды төлөөнү жеңилдетүү боюнча бир катар шарттарды иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.

Ошондой эле салык кызматы салык төлөөчүлөрдү жана карызкорлорду аталган жеңилдиктен пайдаланып калууга чакырды.

Маалым болгондой, 2020-жылдын 14-августунда кабыл алынган «Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө» Мыйзамга ылайык, салыктарды, туумдарды, айып пулдарды төлөөнү 2021-жылдын 31-декабрына чейин узартты. Эми салык төлөөчүлөр жана карызкорлор 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн төгүмдөрүн 2021-жылдын 1-июлуна чейин төлөсө, 100 пайыздык жеңилдик, 2021-жылдын 31-декабрына чейин төлөсө, 50 пайыздык жеңилдик ала алышат.

Кошумчалай кетсек, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды реструктуризациялоо үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу зарыл.

Белгилей кетсек, аталган өнөктүк салык төлөөчүлөрдүн каржылык-экономикалык абалын турукташтырууга жана колдоого алууга мүмкүндүк берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости