www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы бүгүн, 8-июлда кыргыз-тажик чек арасында болгон ок атышууга тажик чек арачылары себепкер деп билдирди.

"Кыргызстандын чек арачылары Лейлек районундагы чек ара аймагында жайгашкан Наумин ашуусунда атчан баратып, Чашмагилдан тилкесинде Тажикстандын чек арачыларынын чабуулуна кабылган. Натыйжада, эки тараптан тең ок атылган. Жабыркагандар тууралуу маалымат такталып жатат", - деп жазылган маалыматта.

Ага ылайык, Чек ара кызматынын Баткен облусундагы өкүлү Кыялбек Төлөнбаев жана башка күч кызматтарынын жетекчилери окуя болгон жерге жөнөп кетишти. Эки тараптан тең бул окуя териштирилип жатканы маалым болду.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу бүгүн, 8-июлда, саат 16:00 (Тажикстандын убактысы боюнча 15:00) чамасында болгону маалымдалган. Окуяны Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилери талкуулап, анын себебин чогуу иликтөөнү чечкенин кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев "Азаттыкка" билдирди.

Тажикстандын улуттук "Ховар" маалымат агенттиги тажик чек ара кызматына шилтеме кылып, окуяга кыргызстандык чек арачылардын мыйзамсыз түрдө Тажикстан аймагына өтүү аракети негиз болгонун жазды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Булак: Азаттык

Последние новости