www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"5-июлда Ооганстандын өкмөттүк аскерлеринин чек ара заставасын ээлеп алган Талибан, бүгүн, 8-июлда, Панж дарыясындагы Афганистанды Тажикстан менен байланыштырган көпүрөнүн капталына желек орнотту", - деп билдирди булак.

Маалыматка ылайык, 5-июлга караган түнү ооган чек арачылары чек ара бекеттерин талиптерге эч кандай мушташсыз өткөрүп беришип, 312 аскер көпүрөдөн коңшу Тажикстанга качып кетишкен.

Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен Талибандын ортосунда өлкөнүн негизги аймактары үчүн күрөш жүрүп жатат. Ооганстандагы туруксуздук чет элдик аскерлердин чыгарылышынын шартында күч алууда.

 АКШ май айында Ооганстандан аскерлерин чыгара баштаган. Маалыматтарга караганда, расмий Вашингтон ушул кезге чейин аскер контингентинин 90 пайызын чыгарып кеткен. Планга ылайык, АКШ ушул жылдын 11-сентябрына чейин Ооганстандан чыгып кетүү процессин аяктоого ниеттенүүдө. Италия менен Германия буга чейин Ооганстандан толугу менен чыгып кеткен.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын аскерлеринин Ооганстандан чыгып кетишин Вашингтон “миссиянын ишке ашпай калгандыгын” моюнга алуу деп эсептей тургандыгын билдирди.

Маалымат үчүн, АКШ жана анын аскердик альянсы НАТО 2001-жылдын октябрь айында Ооганстанга басып киришкен. Буга 2001-жылы 11-сентябрда АКШдагы террордук актылар себеп болгон.

Фаррухжон Муродқулов, Ташкент

 

Последние новости