www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз тарап Стамбулдагы кыргызстандык жарандын өлтүрүлүшүн дыкат көзөмөлгө алат. Бул тууралуу башкы консул Л.Сыдыкова жана консулдук кызматкер Текирдаг провинциясынын Черкезкөй районуна барып, жергиликтүү коопсуздук бөлүмүнүн башчысы менен жолуккан учурда билдирди.

КР Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 13-октябрында каза болгон 1991-жылы туулган Кыргызстандын жараны М.А.нын өлүмү туурасында кеңири маалымат алуу максатында, министрликтин тапшырмасы боюнча Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Л.Сыдыкова жана консулдук кызматкер жергиликтүү коопсуздук бөлүмүнүн башчысы менен жолугушкан. Сыдыкова иликтөө иштерин тездетүүнү сурануу менен бирге, бул иш кыргыз тарабынын дыкат көзөмөлүндө болоорун баса белгиледи.

Учурда Түркиянын тартип коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын жараны М.А.ны өлтүрүүгө шектүү делген Түркиянын жараны Ф.А. кармалып, “өзгөчө мыкаачылык менен жасалган адам өлтүрүү” беренеси боюнча айыпталууда.

Белгиленгендей, Башкы консулдук маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына консулдук-укуктук көмөк көрсөтүүдө. Бул маселе КР ТИМинин жана Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө.

Белгилей кетсек, 13-октябрда Түркиянын Черкезкөй шаарында 65 жаштагы эркек киши (Түркиянын жараны) 31 жаштагы кыргызстандыкты жиликтеп салганын түркиялык ЖМКлар жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости