www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооган бийлиги соттун чечимисиз кылмышкерлердин жүзүн ачык көрсөтүүгө тыюу салууну чечти. Бул тууралуу ТАСС талибдердин өкүлү, маалымат жана маданият министринин орун басары Забихулла Муджахидге шилтеме кылуу менен билдирет.

Мындай чечимди радикалдуу кыймыл түзгөн өлкөнүн убактылуу өкмөтү чыгарды. Мужахид бул талап өлүм жазасына тартылгандардын сөөгүн коюуга да тиешелүү экенин түшүндүрдү.

Буга чейин Жаза аткаруу комиссиясынын башчысы Нуреддин Тораби талибдер башкаруунун биринчи мезгилинде колдонулган өлүм жазасы жана колу-бутун кесүү практикасына кайтып келээрин айткан.

Ал, ошондой эле, эл аралык коомчулуктун өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсүн жана мурда талибдердин кээде стадиондогу элдин көзүнчө өлүм жазасын аткаруу боюнча болгон алардын кыжырдануусун айыптады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости